Көп тил билүү азыркы жашоонун негизги талаптарынын бири болуп калганы баарыбызга белгилүү болуп калды. Бүт ата-энелер балдарынын англис, немец, француз, кытай тилдерин билүүсүнө аябай аракеттерди жасашып, бүт мүмкүнчүлүгүн жумшашат. Бирок муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары көп учурда каржылык каржалуудан улам, акы төлөп тил курстарына бара албай калган учурлары абдан эле көп учурайт.

Бул көйгөйдү чечүү  максатында“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси 2000-жылдан бери өздөрүнүн максаттуу топторунун жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын англис тилин өздөштүрүүсүнө терең көңүл буруп келишүүдө. Эң алгачкы жылдары жай мезгилинде жергиликтүү англис тилчи мугалимдер аркылуу балдарга англис тилин үйрөтүшсө, бара-бара англичандардын өздөрүнө байланышка чыгууга жетишишти.

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси 2004-жылдан бери англиялык англис тилчи мугалими Клэр Ривз (Claire Reeves) менен бирдикте “Жайкы англис тили мектеби” долбоорун иштеп чыгышып, дайыма “Эрайым” түзгөн өз жардам топторунун (ӨЖТ) мүчөлөрүнүн балдары менен кошо муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына англис тилин үйрөтүүгө аракет жасап келишүүдө.

Быйылкы “Жайкы англис тили мектеби” долбоорунун алкагында Англиядагы Сент-Эндрюс, Бристол, Шеффилд Университеттеринен 8 студент ыктыярчы катары келишти. Бүгүнкү күндө ыктыярчылар Чүй, Ат башы, Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунда иштешип, 485 окуучуга англис тилин үйрөтүшүдө. Мындан сырткары 2 англиялык англис тилчи мугалимдери Кыргызстандык англис тилчи мугалимдерине Атбашы районунда 10 күндүк курс өтүштү. Курска 23 англис тилчи мугалими катышты.

Англиянын Кыргызстандагы элчиси Джудит Фарнворт (Judith Farnworth) айым да англиялык ыктыярчылардын “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси менен биргеликте жайкы англис тил мектебин уюштурушуп, кыргыз балдарынын англис тилин үйрөнүп жатышкандыктарына кайдыгер эмес. Ал былтыр келип ыктыярчылардын сабактарына катышып, бул долбоордун ийгиликтүү болушуна өз калоолорун айтып кеткен эле. Быйыл да элчи айым англиялык ыктыярчылардын сабактарына катышууга кызыкдар болууда. Элчи айым ушул жылдын 30-июлунда Бишкек шаарына караштуу Ленин районунда жайгашкан Ак-Өргө конушундагы “Эрайым” негиздеген № 77-орто мектептин имаратында жайгашкан “Бүчүр” окуу борборунда уюшулган “Жайкы англис тили мектебине” келип англиялык ыктыярчылардын сабагына катышмакчы. Ал саат 10.00-11.00ге чейин боло тургандыгын билдирди.