07.08.2014  15:42

2014-жылдын 31- июлунда Сары-Ой айылындагы  маданият үйүндө  19 мамлекеттен келген  46 чет элдик меймандар менен ӨЖТ Биримдиктеринин биргелешкен маданий иш чарасы болуп өттү. Келген меймандарды “Биз сиздерди көргөнгө абдан кубанычтабыз! “ урааны менен улуттук кийим кийген улуу муундагы байбичелер тосуп алышты.

Бул маданий жолугушуунун негизги себепкери болуп  Улуу Британиядан  “Эрайым” АКБсына келген ыктыярчы Урсула айым себепкер болгонун катышуучуларга  уюм тарабынан маалымдалды. Катышуучуларга “Эрайым” АКБсы жөнүндө жана уюм тарабынан түптөлгөн ӨЖТ Биримдиги жөнүндө кыскача маалыматтар берилди.

ӨЖТ Биримдиктеринин мүчөлөрү менен бирдикте даярдалган кыргыз элинин улуттук кийимдери, тамак аштардын түрлөрү, кол өнөрчүлүк жана келин тосуу, баланы бешике салуу  каада салттары көрсөтүлдү. Айымзатына тиешелүү улуттук кийимдерди көргөзүшүп, келген коноктор менен чогуу сүрөткө түшүштү.  Кыргыз элинин ырлары жана бийлери көрсөтүлүп  концерттик программа тартууланды. Аягында салттуу болуп калган кыргыздын “Кара жорго” бийин баардыгы чогуу бийлөө менен бул иш чара соңуна чыкты.

Ыраазычылык сөздөрүн Италия, Испания, Казакстан, Дания, Германия, Япония өлкөлөрүнөн келген меймандар айтышып, ӨЖТ Биримдигине рахмат айтышты. Бул маданий баарлашуу катышуучулардын сүрөткө чогуу түшүүсү менен аяктады.

I Kul1-125

I Kul7-130

I Kul5-128

I Kul10-133

А. Кошумбаев