127.12.2021   16:34

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагындагы №16-Абу Али ибн Сина атындагы мектебинде ачылып иштеп келе жаткан «Достук» мектеп радиосу ачылгандан тартып көптөгөн мектеп окуучулары жана БӨЖТ мүчөлөрү радио тармагына кызыгуусу артты.

Эскерте кетсек, бул мектеп радиосу 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо боюнча мамлекеттик агенттигинин 2013-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди бекемдөө боюнча долбоорлордун чакан гранттарынын программасынын негизинде колдоого алынган.

- “Мектеп радиосунун ачылганына быйыл 7 жылдын жүзү болду. Бул жылдар аралыгында көп керектүү музыкалык аппараттардын эскилиги жеткенине байланыштуу аталган радиодогу балдар өз жардам тобунун мүчөлөрү өздөрү демилге көтөрүп, Шарк айыл аймагында түзүлгөн 14 өз жардам тобунан 400 сомдон акча чогултушуп, жалпы 5,600 сом өлчөмүндөгү акча каражатына 1 монитор, микрофон жана керектүү жабдыктарды сатып алып, “Достук” мектеп радиосуна тапшырышты” - дейт БӨЖТ тирекчиси Кыял Мамажанова.

2

3

4

Эрлан Давлатов, Ош облусу