120.11.2022  09:10

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып, Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында уюшулган “Керме-Тоо”, “Курманжан Датка”, “Шарк” ӨЖТБнин мүчөлөрү биригип 2022-жылдын 16-сентябрь Ош шаарында өткөрүлгөн жарманкеге катышышты.

Жарманкеде “Керме-Тоо” ӨЖТ Биримдиги 4000 сомго 10 кг бал, “Курманжан Датка” ӨЖТ Биримдиги 3000 сомго 50 кг алма, ал эми “Шарк” ӨЖТ Биримдиги тигүү цехинде тигилген жаш балдардын баш кийим, кийим-кечектерин 2000 сомго сатышты. Жарманкеден түшкөн 9000 сом каражатка 20-ноябрь күнү белгиленген “Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө” карата Ош шаардык балдарды жана үй-бүлөнүн атайын адистештирилген реабилитациялоо борборундагы 12 балага ысык тамак-аш жана таттууларды тартуулоо менен кайрымдуулук кылышты.

2

3

4

5

6

Эрлан Давлатов, Ош облусу