топ терек 418.07.2016   16:37

Жай мезгили өкүм сүрүп, балдарбы , же чоңдорбу ушул жайдын аптаптуу күндөрүн таза абалуу, салкын аймакта, жаратылыштын кооз кучагында эс алууну самайт. “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Ош областындагы активисттери да мына ушундай жагдайды эске алышып, аталган уюм тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында уюшулган Балдардын Өз Жардам топторунун мүчөлөрүнө жагымдуу эс алуу уюштуруп беришти.

Кара-Суу районуна караштуу Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында иштеп жаткан “Барсбек”, “Ак ниет”, “Ширин”, “Бүчүр”, “Кыйыр”, “Жакшылык”, “Кыргызстан”, “Достук”, “Кожо”, “Оомат” БӨЖТларындагы активдүү мүчөлөрүнөн 30 бала жана 28 кыз тандап алышып, айланасы аска зоолор менен курчалган, табигаты көз жоосун алган, кереметтүү жайлоолордун бири Топ-Терекке алып чыгышты. Аларга уюмдун активисттери да кошулду. Бул эс алууну алар «БӨЖТ мүчөлөрү ынтымак жайкы эс алууда – 2016» жайкы лагери деп аташты. Балдар бул жердеги кыска аралыкта экскурсияга чыгышып, “Сармерден”, “Ыр кесе” оюн-зоокторун уюштурушуп, ар бир ирмемди эсте калаарлык маанайда өткөрүп жатышты. Мындан сырткары “Топ таш”, “Шакек салмай”, “Аркан тартыш”, “Жоолук таштамай”,”Алтын топ” сыкятуу оюндарды уюштурушту. Жайлоодогу эс алуу ар бир баланын эсинде калды. Алар бул жерде достошушту жана көп максаттарды алдыга коюп, жаңы демилге, жаңы багыттарды белгилешти.-дейт, аны уюштурган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Ош областы боюнча тирекчиси Нарынкүл Дюшеналиева. 

топ терек 3

топ терек 2

топ терек

Эрлан Давлатов
"Эрайым" АКБнын Ош облусу боюнча
коомчулук менен байланыш адиси