English-language-summer-school-in-Ak-Orgo-008

Заман талабына ылайык англис тили эӊ керектүү тилдерге айланды. Азыркы тапта англис тилсиз жакшы жумуштарга орношуу кыйын болуу менен бирге, жаштар көп жаӊылыктарды ушул тил аркылуу алууга аргасыз болууда. Ошондуктан көпчүлүк жаштар биринчи планга англис тилин үйрөнүүнү коюшат. Республикалык деӊгээлде өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн “Эрайым” Аялдар Коомдук Бирикмеси жаштардын бул муктаждыгын тереӊ түшүнүү менен бирге 2005-жылдан бери Англиялык ыктыярчылар менен тыгыз кызматташып келүүдө.

“Эрайым” англиялык ыктыярчыларды өз аракеттери менен табышкан эле. Себеби уюм өз ишин 1995-жылдардан эле Бишкектин тегерегиндеги конуштардан баштап, көпчүлүк жаштардын англис тилине ынтызар экендиктерине сарасеп салышып, англис тили боюнча бекер курстарды ачууну пландашкан. Жөнөкөй үй-бүлөлөр балдарына англис тилин үйрөтүүнү каалашканы менен азыркы жумушсуздуктун күч алган заманында тапкандары күнүмдүк оокаттарынан ашпайт. Англис тили курсуна катышуу бир балага эле жол киресин кошкондо 4-5 миӊ сомго айланат. “Эрайымга” 2003-2004-жылдары Мадлен Ривз деген англичанка кыз өзүнүн ички мигранттарга байланышкан долбоорун иш жүзүнө ашырууга келет. Уюмдун кызматкерлери адегенде өздөрүнө англис тили курсун өтүүнү суранышат. Мадлен алардын өтүнүчү менен англис тилин “эрайымчыларга” үйрөтө баштайт. Андан соӊ “эрайымчылар” Мадленге Ак-Өргөө конушундагы өздөрү түзгөн Өз Жардам Топторунун мүчөлөрүнүн, ошондой эле муктаж үй-бүлөнүн балдарына англис тилин үйрөтүү жөнүндөгү пландарын айтышат. Ал апасы Клер Ривз Англиядагы бир мектепте англис тилинен сабак берерин, ошондой эле ага биздин өтүнүчүбүздү айтаарын билдирет. Биздин өтүнүчүбүздү Клер Ривз кубануу менен кабыл алып, бизге ыктыярчы катары келип балдарга англис тилин үйрөтүүгө макулдугун билдирет. Ансыз деле Клер Ривз кызы Мадлен иштеген кыргыз жерин, элинин мейман досчулугун өз көзү менен көргүсү келип жүргөнүн Мадлен “эрайымчыларга” айткан эле. 2005-жылы уюмдун чакыруусу менен Англиядан Клер Ривз жай айында келип, Ак-Өргөөнүн балдарына англис тил үйрөтө баштайт. Ага айрыкча кыргыз балдарынын тил алчактыгы, улууну сыйлагандыгы, ошондой эле кыргыз элинин мээримдүүлүгү менен мейман досчулугу аябай жагат. Клер Ривз жылына англичан балдарына кыргыз маданиятын үйрөтүү, ошондой эле кыргыз балдарына англис тилин үйрөтүү максатында Англиядагы университеттин студенттерин кошо ала келе баштады. Алар балдарга англис тилин үйрөтүү менен бирге биздин жашоо маданиятыбызга да кызыгышып, көп жакшы жактарыбызды өздөрүнө кабыл алып жатышты. 2005-жылга чейин Клер Ривз бир гана Ак-Өргөө конушунун балдары үчүн ыктыярчыларды алып келсе, 2010-жылдан баштап “Эрайым” түзгөн Талас, Ысык-Көл, Чүй областарындагы Өз Жардам Топторунун мүчөлөрүнүн балдарына англис тилин үйрөтүү үчүн англиялык жогорку окуу жайларда окуган студенттерди, ошондой эле жашы улгайып калган, бирок англис тилин үйрөтүүдө тажрыйбасы бар адамдарды алып келе баштады. Быйылкы жылы Клер Ривз 7 англиялык ыктыярчы алып келди. Алардын эки ыктыярчысы Джоу менен Луис Чүй районунун Алчалуу айылындагы балдарга, ал эми үч ыктыярчы Шарлотта, Эндри, Эмми  Ак-Өргөөконушунун № 77 орто мектепбинин имаратында жайгашкан “Бүчүр” балдар окуу борборунун мүчөлөрүн, Клер Ривз менен Анна Гарсид Ак-Өргөө конушундагы № 84 орто мектепте ар кайсы региондон келген 35 англис тилчи мугалимге англис тилин окутуу методикасын жакшыртуу боюнча 10 күндүк курста сабак өтүштү.  Клер Ривз англис тилчилерди окутуу курсуна эки жергиликтүү ыктыярчыларды да тарткан. Алардын бири Шорокова Салтанат, экинчиси  Динара Султанова. Алар да Клер Ривз, Анна Гарсид менен биргеликте айылдык англис тилчи мугалимдердин кесиптик деӊгээлин көтөрүүдө бир топ аракеттерди жасашты. 15-июлда балдардын жайкы англис тили курсу башталса, айылдан келген англис тилчи мугалимдерге арналып уюштурулган 10 күндүк курс 22-июлда ачылды. Бул ачылышка Англиянын Кыргызстандагы ыйгарымдуу өкүлү  Жадит Фарнворд (Judith Farnworth) катышты. Ал бул жолугушууда мындай деди: “Британиялык жана кыргыз ыктыярчылардын ортосундагы кызматташуунун ийгиликтүү жүрүп жатканын өз көзүм менен көрүп абдан кубанычта болдум. Британия жана кыргыз мугалимдеринин англис тилди билүүнү жакшыртууга арналган семинарын жана ошондой эле бир нече англиялык жаш студенттердин Кыргыз Республикасында болушуна мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүн жогору баалап жатам. Мен мугалимдердин жана студенттердин абдан катуу иштеп жатышкандыгын көрдүм. Бул биздин маданиятты жана салтты сыйлап үйрөнүүгө да көбүрөөк жол ачуусун көрсөтөт”.

Элчи айым англиялык ыктыярчыларды 31-июлда өз кеӊсесинде кабыл алып, англиялык жана британиялык элдердин ортосундагы кызматташууну ыктыярчы катары келишип, кыргыз балдарына англис тилин үйрөтүү, кыргызстандын ар кайсы айылдарынан келген англис тилчи мугалимдеринин кесиптик деӊгээлин көтөрүүдөгү кылган кызматтары аркылуу бекемдеп жатышкандыгына тереӊ ыраазылыгын билдирди.

Кыргыз айылдарынан келген англис тилчи мугалимдерге арналып уюштурулган курстун ийгиликтүү өтүүсүндө, ошондой эле Ак-Өргөө жана Ак-Ордо конушундагы 100гө жакын баланын англис тилин үйрөнүүсүнө  №84 орто мектептин мүдүрү Динара Иманалиеванын жана  №77 орто мектептин мүдүрү Дүйшекеев Мырзабектин, бул мектепте жайгашкан “Бүчүр” балдар окуу борборунун жамаатынын да кошкон салымдары чоӊболду. Англиялык ыктыярчыларга жана №84, №77 орто мектептердин, “Эрайым” Аялдар Коомдук Бирикмесинин, “Бүчүр” балдар окуу борборунун жамааттарына ата-энелер өз ыраазычылыктарын билдиришти.

Р. ЖУСУПОВА

Макаланын булагы: Кутбилим