Дильнозанын маселеси оң жагына чечилди
15.03.2021 10:28
Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылынын тургуну Астанакулова Дильноза өткөн жылдын ноябрь айында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Жалал-Абад облусу боюнча долбоор юристи Гүлнара Ташиевага кайрылган.
Кара-Сууда медиаторлор өз ишин баштады
26.02.2021 11:07
Ош облусунудагы ачылган «Улуттук медиация борбору» ушул жылдын 21-февралында жергиликтүү медиаторлордун кезектеги чогулушу болуп өттү. Ага Улуттук Медиация бөлүмүнүн башчысы Авазбек Шамшиев жана тажрыйбалуу медиаторлордон Тамара Токтосунова, Салия Тайлакова баштаган бир топ өкүлдөр, ал эми жергиликтүү жаңы даярдалган медиаторлордон Дилфуза Анарбаева, Дилшод Кадирходжаев, Кыял Мамажанова, Гүлкайыр Жолдубаева жана Өз жардам топторунан тандалып алынган медиаторлордон Наргиза Хусанова, Камила Эрмекбаевалар катышты.
Ош шаарында Алишер Навоийнин 580 жылдыгы белгиленди
24.02.2021 09:12
“Эрайым” уюмунун Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму колдоого алган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында Кара-Суу районунда уюшулган ӨЖТлардын “Шарк” Биримдиги жана Нариман айылында жаңыдан түзүлгөн “Саховат” , “Биримдик” ӨЖТнун мүчөлөрү менен ушул жылдын 19-февраль күнү Ош шаарында өткөрүлгөн Алишер Навоийнин 580 жылдык маарекесине катышты.
Демократия, медиация үчүн жакшы негиз
26.02.2021 10:43
Төмөндөгү макала биринчи жолу Француз тилинде Улуттук Медиаторлор Ассоциациясынын (ANM France) журналынын 2020-жылдын ноябрь айында чыккан санында жарыяланган. Макаланы колдонууда сөзсүз түрдө анын булагына шилтеме кылыңыз.
https://www.anm-mediation.com/article.php?fullid=136483
Бул макала Жапаров мырза парламенттик шайлоону бурмалоонун натыйжасында конституциялык эмес жол менен бийликке келген 4-октябрга чейин жазылган. Бул демократиянын морттугун көрсөтөт. Бирок, жарандык коом дагы деле болсо жигердүү.
Ирода жаңы паспорт алды
22.02.2021 12:14
Базар-Коргон айылынын тургуну Толкунбек кызы Ирода бир жылдан бери паспорт ала албай, катуу кыйналып келген. Анын себеби, биринчиден мурдагы паспортунун мөөнөтү өтүп кетип, жараксыз болуп калган. Аны алмаштырып алууга убактысы, мүмкүнчүлүгү да жок болчу.