logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Жаңылыктар

Жаз, көктөм жана сүмөлөк

sumolok02.04.2015   17:30 

Тоо, суу, таш жана табигаттын не бир керемет сырларына сыйынып, жаратылыш кубулуштары менен кошо жашап келген ата-бабаларыбыздын муундан муунга сактап келген жакшы салттарынын бири жаз келип, көктөм чыкканда Сүмөлөк кайнатып, теңирден мол түшүм, береке, кут, ырыскыны тилешет. Ушул жылдын ынтымакка ширелген берекелүү жыл болуусун суранышат.

Толугураак...

“Достук” мектеп радиосу сапар алды

21.03.2015  10.23

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин жаңы жылдагы жаңы долбоорунун көч башында “Достук” мектеп радиосу болуп калды. Аталган долбоорду Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо боюнча мамлекеттик агенттиги колдогон. Бул агенттиктин 2013-2017-жылдарга карата Кыргызстанда элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди бекемдөө багытындагы чакан грант берүү программасы ишке ашырыла баштаган эле. Андыктан “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан бул агенттикке жаңы долбоор сунушталып, ал кыска аралыкта колдоо тапты.

Толугураак...

“Достук” мектеп радиосу долбоорунун алкагында радио жабдыктар мектептерге берилди

dostukradiosuALT318.02.2015   12:05

2015-жылдын 12-13-февралдарында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Достук” мектеп радиосу долбоорунун алкагында тендердин негизинде "Information Systems & Solutions" ("Информэйшн Системс энд Солюшнс") жоопкерчилиги чектелген коому жана Рузиева Е.Д. жеке ишкери тарабынан сатылып алынган радио-жабдыктар Ош дубанындагы, Карасуу районуна караштуу Шарк айыл аймагындагы №16-Абу Али Ибн Сина атындагы орто мектеби менен Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы № 117-Камил Маткеримов атындагы орто мектебине жана Жалал-Абад дубанындагы, Жалалабат шаарынын Чынгыз Айтматов атындагы муниципалдык башкаруусуна караштуу №7 -Алым Усман атындагы орто мектебине ошондой эле Базаркоргон районунундагы Жоомарт Боконбаев атындагы гимназия жатак-мектеби менен №30-Өлмаскан Атабекова атындагы орто мектебине өткөрүлүп берилди.

Толугураак...

“Бейиште эки орун бар: бирөө жакшы кайнене үчүн, бирөө жакшы келин үчүн” көнүгүмү Ош жана Жалалабат дубандарында болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 3-7-февралдарында “Бейиште эки орун бар: бирөө жакшы кайнене үчүн, бирөө жакшы келин үчүн” деген темадагы көнүгүм Ош жана Жалалабад дубандарындагы өз жардам топторунун мүчөлөрүнө Талас дубанын ӨЖТ координатору Кулбачаева Анипа тарабынан өткөрүлдү.

Кыргыз эли кылымдан бери кайнене-келин ортосундагы сууга салса чөкпөгөн, төксө төгүлбөгөн, урса бузулбас, көзгө көрүнбөгөн тосмо турарын билбейбиз. Бейиште эки орун бар: бирөө жакшы кайнене үчүн, бирөө жакшы келин үчүн» - деп Чыгыш макалында айтылган. Биздин кыргыз элинин макалы «Келини жакшы болсо, келген жердин баары чыгат» - деп айтылган кайнене - келин жөнүндө бир топ макал бар. Биздин салт боюнча КЕЛИН болуп жоолук салынгандан баштап, кайнене, кайындарынын оту менен кирип, күлү менен чыгыш керек деген түшүнүк бар. Ал тургай ал үйдө боз балдар, же секелек кыз болсо, бош болсо да үй жумуштарын кылбаш керек. Себеби келинге тиешелүү деп билишет. Көбүнчө жаңы түтүн булаткан жаңы жаш үй-бүлөлөрдө кайнене келиндин тиреши орун алат. Себеби келин “современныймын” деп баш бербейт, кайнене кайненелик милдеттин аткарып башкарам менен алек болот.

Көнүгүмдө кайнененин жакшы жана терс сапаттары каралып чыкты, ошондой эле келиндин жакшы жана терс сапаттары аныкталды. Келиндерге тиешелүү болгон кыргыздын төмөндөгү макалдары көнүгүмдө каралды:

  • “Келинди келген жылы эмес, келерки жылы сына”
  • “Келиндин чырайы болгуча – ЧЫНАРЫ болсун”
  • “Жакшы келин келсе – берди куда, жаман келин келсе – урду куда”
  • “Септүү болгуча – эптүү келин бол”
  • “Эрди-эр кылган – катын, эрди- жер кылган катын”
  • “Эркектин көгү – эр болот, катындын көгү - кара жер менен тең болот”
  • Өтө кызыл бат оңот, өпкө кызыл кеч оңот.
  • Кайсы элдин жүдөө көрүнсө зайбы, ошол элдин уулуна кой айыпты.

Ошондой эле кайнененин түрлөрүн да талдалды:

  • Кожейке кайынэне.
  • Ооздукталбаган кайынэне.
  • Момун кайынэне.

Көнүгүмдүндө келечектеги кайненелерге насаат айтылды, кайненелер болсо өз тарабына пикир угуштуу.

 

Алтынай Сабырбекова  

“Достук мектеп радиосу” долбоору ишке ашууда

dostukradiosu017.02.2015   22.24

Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттигинин колдоосунда “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырыла баштаган “Достук мектеп радиосу” долбоору Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районуна караштуу Жоомарт Бөкөмбаев атындагы мектеп гимназиясында, Ө.Атабекова атындагы №30 орто мектепте, Жалал-Абад шаарындагы №7-орто мектебинде, Ош областынын Кара-Суу районундагы К.Маткеримов жана Абу Али Ибн Сино атындагы орто мектептерде ишке ашырылмакчы.

Толугураак...

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru