Анника Беккердин иш сапары
20.03.2017 16:51
Германия өлкөсүнүн “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун Борбордук Азия жана Кавказ боюнча программалык координатору Анника Беккер айым “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин жамааты менен жолугушту. Аталган бирикме тарабынан бул уюмдун каржылоосунда ишке ашырып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоору кандайча ишке ашырылып жаткандыгы менен таанышты.
“Дүйнөгө нан” уюмунун өкүлдөрү “Эрайымда”
15.03.2017 13:04
2017-жылдын 9-марттында Германиялык “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун өкүлдөрү Жакынкы Чыгыш, Кавказ жана Борбордук Азия бөлүмүнүн жетекчиси Илонка Болтз жана Түштук Кавказ жана Борбордук Азия боюнча программа жетекчиси Аникка Беккер менен “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесине иш-сапар менен келишти.
Мектептеги тегерек стол
10.03.2017 09:50
“2017 - ыйман, адеп жана маданият жылына” карата Ош шаардык жана Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмдөрү балдарды ыймандуулукка, адептүүлүккө жана маданиятуулукка тарбиялоо жана балдар арасындагы ар кандай кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулук, мектеп рекетчилиги, суицидге каршы күрөшүү багытында атайын иш-чара бекиткен.
“Эне тил” күнү белгиленди
13.03.2017 18:30
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы №16- Абу Али Ибн Сина, №86-Курманжан-Датка, № 117-К.Маткеримов атындагы орто мектептептеринде “Эне тил” майрамы өткөрүлүп, ага аталган мектептердин окуучулары, ошондой эле БӨЖТ мүчөлөрү «Ынтымак», «Радуга», «Достук 1», «Навбахор», «Ак-Ниет 1», «Ак-Ниет 2», «Ыйман нуру 1», «Ыйман нуру 2», «Ширин», «Келечек», «Кыргызстан», «Достук 2» жана өз жардам топтору, «Эрайым» АКБсынын Ош облусундагы кызматкерлери катышты.
Эне мектеби кичинекейлерге кам көрөт
17.02.2017 16:52
Кыргызстанда мектеп жашына чейинки балдарды камкордукка алуу жагынан кыйла өксүктөр бар. Союз мезгилиндеги балдар бакчалары дээрлик менчиктештирилип, талкаланып, кучагына жүздөн, төрт жүз, беш жүз баланы камтыган мындай жайлар бир эле адамдын колуна өтүп кеткендиги жашыруун эмес. Бирок, кайрадан мамлекетке алынып, мурдагыдан да жакшы абалга келтирилип, заман талабына жараша жасалгаланып, иштеп жаткандары да бар.
Дагы макалалар...
- Адептүү болуш ыйманыңдан жана маданиятыңдан
- Абу Али Ибн Сино атындагы №16-орто мектептин балдары жаңы заманбап мектепти куруу демилгесин көтөрүштү
- Өз жардам топтору жардам беришти
- Түштүк жергесинде элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөөгө багытталган долбоордун уландысы колдоого алынды